Түштүк Кореянын тарыхында алгачкы жолу демократиялык эркин атаандаштыктагы шайлоону жеңип президент болгон Ро Дэ У 89 жаш курагында Сеулдун госпиталында узакка созулган оорудан кайтыш болду.
Ал расмий түрдө жеке коррупциялык иши үчүн кечирим сурап, улуттук телеберүүдөн сүйлөгөн. Андан соң ал пара алганы жана аскердик төңкөрүшкө катышканы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын өлүмү тууралуу Рёнхап агенттиги кабарлады.
Ро кесиби боюнча аскер адамы. Ал 1953-жылы корей жана вьетнам согуштарына катышкан. Ал генералдык чинге чейин жетип, 1979-жылы анын эски досу Чон Ду Хван уюштурган аскердик төңкөрүшкө аралашкан. Ал 1980-жылы кеминде 165 адам жок кылынган Кванжудагы каршылык акциясын басууга катышкан.
Ро Дэ У мамлекеттик министр жана улуттук коопсуздук министри сыяктуу кызмат орундарын ээлеп келген. Мына ошол кезде өлкөнү башкарган Чон Ду Хван аны өзүнүн мураскери деп атаган. Анткен менен каршылык акциялары күчөп турган шартта демократиялык кайра түзүүлөрдү жетектеп, биринчи жолу оппозиция катышкан президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Биринчи шайлоого катышуу 89 пайызды түзүп, Ро анда болгону шайлоочулардын 36% добушун алып, шайлоодон жеңип чыккан.
Ал президент учурунда Түштүк Корея 1991-жылы БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынып, Түндүк Корея менен кол салышпоо тууралуу келишимге кол коюлуп, СССР жана Кытай менен дипломатиялык мамилелер жолго салынган.
Дагы караңыз
Казакстан ооган качкындарына транзиттик коридор бердиБаткенде коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалдыСанариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, мурдагы башчысы кайра дайындалды Алматы соту БУУга даттанган саясий туткундардын жазасын катаалдаштырды