Казакстандын соту жарандык активист, “тыюу салынган уюмга мүчө болуу” деген берене менен соттолгон Уласбек Ахметовдун жазасын катаалдаштырды. Бул тууралуу Казакстандын адам укугу бюросу кабарлады.
Алматы шаардык сотунун аппеляциялык коллегиясы Ахметовду жатак абактан катуу тартиптеги түрмөгө которуу жана жаза мөөнөтүн эки айга узартуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды.
Жарандык активист Уласбек Ахметов жана аны менен бирге түрмөгө түшкөн 13 адам буга чейин БУУнун адам укугу комитетине жана Европарламентке мыйзамсыз соттолгону тууралуу кайрылып, арыз жазган болчу. Анда Казакстандын жетекчилерине ар бирине өз өзүнчө жекече түрдө санкцияларды киргизүү сунушталган.
Быйыл 31-августта Алматы шаарынын Алмалык райондук соту Уласбек Ахметовго коомдук жана саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салып, эки жылга жатак абакка кескен.
Дагы караңыз
Пакистан менен Кытай биргелешкен кайрылуу кабыл алды Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик алмашты Исмаилов: Светтик режимди сактап калуу биринчи кезекте дин үчүн зарыл