Булан институту: БУУ Сириядагыларды мекенине кайтарууга жардам фондун ачты

Сирия. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрүнүн Сирияда жана Иракта атайын лагерлерде кармалып турган аялдары менен балдарын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд түздү. Бул тууралуу 26-октябрда “Азаттык” радиосуна Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова билдирди.

Анын айтымында, учурда Европа өлкөлөрү да балдарды репатриация кыла баштады. БУУ түзгөн фонд Сириядан же Ирактан өз жарандарын алып кетүүнү каалаган өлкөлөргө каражат берет:

“Эми репатриация кылууга ынтызар өлкөлөр көбөйөт деп ойлойм. Бул жакшы мүмкүнчүлүк, себеби БУУ каражат гана бербестен, реабилитация кылууну да үйрөткөнү жатат”.

Орозобекова белгилегендей, азыр Сирияда 70 миң аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат, алардын 43 миңи балдар.

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Сирияга согушкер болуп кеткен жарандарынын аялдарын жана балдарын мекенине кайтаруу, коомго аралаштыруу маселесин талкуулашты.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 3-18 жаштагы 79 баласын алып келген.

Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK/KE)

Дагы караңыз

Илбирстин санын аныктоо: Кыргызстан жаңы системага кошулдуКыргызстанда илбирске санак жүрүүдөПрезиденттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлдүИсмаилов: Светтик режимди сактап калуу биринчи кезекте дин үчүн зарыл