Тамакка уулангандар 179га жетти, баарынын абалы туруктуу

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы 26-октябрга карата туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179га жетти, алардын 18и балдар.

50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени аныкталды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. (RK)

Дагы караңыз

Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө Курьерден актерго айланган Нурбол Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы талкуулануудаБишкекте троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады