Бишкектин айрым көчөлөрүндө 26-октябрда эртең менен троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады. Баштапкы маалыматка караганда, буга Москва көчөсүндө троллейбус жүрүүчү электр зым үзүлгөнү себеп болгон.
Болжол менен бир сааттай убакыт Москва көчөсү менен кесилишкен айрым көчөлөрдө троллейбустар токтоп турду.
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасы бул тууралуу "Азаттык" радиосуна кийинчерээк маалымат берип, үзгүлтүккө учуроого зымдардын эскилиги жеткени себеп болгонун, троллейбустар 37 мүнөт токтоп турганын, окуя болгон жерге авариялык кызмат жетип барып, саат 7:53тө көйгөй чечилгенин, кыймыл схема боюнча уланганын билдиришти жана "Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз" дешти. (ECh/RK)
Дагы караңыз
COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 112 бейтап жаңы катталдыБишкекте Ирак менен Сириядан кайтарылган жарандардын маселеси талкууланатЖалал-Абад: Ташиевдердин аты аталган окуяларЭрдоган Түркиядан 10 өлкөнүн элчилерин чыгарууну буюрду