Өзбекстанда жекшембиде өткөн президенттик шайлоону азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды.
Расмий маалыматка ылайык, "Элдик демократиялык партиядан " Максуда Варисова добуштардын 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу партиясынын" лидери Алишер Кодиров 5,5%, "Экологиялык партиядан" Назрулло Обломурадов 4,1%, “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды.
БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты.
Өзбек оппозициясы шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин, "жасалма шайлоо" болгонун белгилеп жатат.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоо тынч өткөнү менен "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдиришти.
Дагы караңыз
"Ынтымак" партиясы Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартууда эреже бузулганын билдирди"Ыйман Нуру" партиясын, Бакир уулун жана Арстанбекти шайлоодон четтетүү боюнча арыз берилдиДССУ пандемия жакында бүтпөй турганын эскертти БШК Камчыбек Ташиевдин айыл тургунуна үй белек кылганын териштиретӨзбекстан: Мирзиёев добуштардын 80% алды