Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин жаңы мэрди шайлаган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрөгасы Автандил Молдосалиев билдирди.
“Шайлоону БШК өткөрөт. Бирок биз жаңы мэрди шайлоонун алдында алардан “мыйзамга кол коюлду, кандай болот” деп сураганда алар “шайлоо өтө берет, анткени бул иш-чара мурда бекип калган” дешти. Ошентип шайлоону Аймактык шайлоо комиссиясы өткөргөн”, - деди Молдосалиев.
Нарын шаардык кеңеши 22-октябрда калаа жетекчисин шайлоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекиткен. Эки киши талапкер болуп, жарышта Сталбек уулу 16 добуш алган, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добушка ээ болгон. 1 депутат экөөнө тең каршы добуш берген. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.
Президент Садыр Жапаров 21-октябрда "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин жана райондордун акимдерин президент дайындай турган болгон. Ал эми акимдер айыл округдардын башчыларын бекитет. (MiK)
Дагы караңыз
Москва 28-октябрда карантинге жабылатЖапырт ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафеси убактылуу жабылдыОктябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аалиев эки айга камалдыБишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандар 85ке жеттиКоронавирустан эки бейтап каза болду, 66 учур жаңы катталдыИсхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө