Орусиянын алты регионунда бүгүнтөн тарта коронавирустун жайылуусун алдына алуу максатында бош күндөр башталды. 20-октябрда президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу деп жарыялап, бирок жергиликтүү бийликтерге эпидемиологиялык кырдаалга жараша аны узартуу же кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген.
Бош күндөрдө ишкана, кеңселердин көбү жабык болот. Оорукана, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү кандимкидей режимде иштей бермекчи. Көпчүлүк коомдук жайларга QR-код менен гана кирсе болот. Айрым аймактарда улгайган кишилер милдеттүү түрдө обочодо болууга тийиш.
Москвада 25-октябрда жаңы чектөөлөр кирди. Мэрдин буйругу менен 60тан ашкан тургундар жана өнөкөт оорулары бар кишилер үйдө отуруш керек. Бул чектөө эмки жылдын 25-февралына чейин иштейт. Бирок эреже акыркы жарым жылда коронавирустан айыккандарга жана толук эмделгендерге жайылбайт. Ишканалардагы кызматкерлердин 30% алыстан иштөөгө өттү.
Ал эми 28-октябрдан 7-ноябрга чейин баш калаа жана Москва облусу карантинге жабылат.
Орусияда сентябрдын этегинен бери коронавируска кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. 19-октябрдан бери бир суткада коронавирустан бир миңден көп киши каза болууда.
Дагы караңыз
Жапырт ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафеси убактылуу жабылдыОктябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аалиев эки айга камалдыБишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандар 85ке жеттиКоронавирустан эки бейтап каза болду, 66 учур жаңы катталдыЖашыл энергетика: Топурак-Белде шамалдан энергия алынат