Суданда аскердик төңкөрүш болгону кабарланды

Судандын борбор шаары Хартум. 25-октябрь, 2021-жыл

Судан өкмөтүнүн бир нече министри камакка алынып, айрым маалымат каражаттары муну "төңкөрүш" деп сыпатташууда. Дүйшөмбү күнү куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармашканын өлкөнүн Маалымат министрлиги “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирди. Алар азыр кайда экени белгисиз. Армия өкүлдөрү бул маалыматка комментарий беришкен жок. Оппозициялык кыймыл калкты “аскердик төңкөрүшкө” каршы чыгууга үндөдү.

Баш калаа Хартумга аскерлер жайгаштырылып, карапайым элдин кыймыл-аракеттери чектелди. "Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, шаардын бир нече жеринде улуттук желектерди көтөрүп алган адамдар нааразылыгын билдирип, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышты.

"Ал-Арабия" телеканалынын маалыматына караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтоду.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан.

Дагы караңыз

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аалиев эки айга камалдыМилиция кызматкерлери зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга жардам берүү боюнча окушат Жашыл энергетика: Топурак-Белде шамалдан энергия алынат Жаңы окуу жылынан бери 180 окуучудан коронавирус аныкталдыКен иштетүү: Лицензия алгандар 10 эсе көп жыйым төлөйт