Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмиратынын командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Аталган оюн Азия кубогунун тандоо баскычынын алкагында 24-октябрда Бириккен Араб Эмиратынын Фужейра шаарында өттү. Оюндyн 1-таймынын аягында талаа ээлери бир гол менен алдыга чыгышкан (Халед Мухаммед Алблуши, 45+2). 2-таймда кыргыз футболчулары эки гол киргизип, жеңишке жетишти. Кыргызстанга тиешелүү голдорду жарым коргоочулар Амир Жапаров (77-мүнөт) менен Арлен Шаршенбеков (88-мүнөт) киргизди.
23 жашка чейинки футбол курама командалары арасында өтө турган 2022-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарында 42 команда 11 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Кийинки баскычка 16 команда чыгат (11 тайпанын лидерлери, 2-орунду ээлеген мыкты төрт команда жана мелдеш кожоюну Өзбекстан).
Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлиги, Оман жана Индия менен Е тайпасына бөлүнгөн. 1-турда Индия Оман командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Алдыда Кыргызстандын командасы 27-октябрда Оман менен, 30-октябрда Индия командасы менен беттешет.
Азия кубогунун оюндары (U-23) 2022-жылдын 1-9-июнь күндөрү Өзбекстанда өтөт.
Дагы караңыз
Ардагер балбан Роман Сарыбаев Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыАрдагер балбан Чынарбек Изабеков үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду