Орусия АКШнын виза берүү шарттарын сынга алды

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орусиялык жарандардын америкалык иммиграциялык визаларды алуудагы жаңы шарттарын “садизмдин чегиндеги шылдыңдоо” деп атады.

"Америкалык дипломаттар көп жылдар бою Орусиядагы консулдук кызматтардын системасын талкалап келет. Алар XXI кылымдагы көнүмүш болгон техникалык процедураны чыныгы тозокко айландырышты", - деп жазды тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram баракчасына.

Орусиялыктарга америкалык виза алуу көйгөйү бир нече жыл мурун, орус бийлиги АКШнын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлеринин санын кыскартууну жана өлкөдөн чыгарууну үзгүлтүксүз талап кыла баштаганда жаралган. Былтыр апрелде Владимир Путин орусиялыктарга америкалык консулдуктарда иштөөгө тыюу салган. Буга байланыштуу АКШ 182 орусиялык кызматкерди дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн бошотуп, 1-августтан тарта Москвадагы Америка элчилигинде “өтө аз адам иштей турганын”, ошондуктан консулдук кызматтар “эч кандай арыздарды карап чыга албай турганын” билдирген.

2017-жылдын башынан тарта орусиялыктарга виза берүү катуу чектелди. Мурда Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивостоктон виза тапшырууга мүмкүн болсо, кийин Москвадан гана тапшырууга уруксат берилди. Бир күн мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык виза алууну каалаган орус жарандарына Варшавадагы консулдукка кайрылууну сунуштады.

Департамент орусиялыктарды "үй-жайсыздардын" категориясына киргизген. Бул статус Америка Кошмо Штаттарынын консулдуктары жок жана "саясат же коопсуздук тармагындагы абал татаал жана күтүүсүз" болгон өлкөлөрдүн жарандарына берилет.

Мындай өлкөлөргө Орусиядан тышкары Сирия, Куба, Венесуэла жана Иран кирет. (МТа)

Дагы караңыз

Бийлик чек араны чечүүгө жолтоо болгон себептерди атадыӨзбекстанда алтынчы президенттик шайлоо өттүӨзбекстанда президенттик шайлоо өттүСербия косоволук мушкерлерди киргизбей койду