Сербия косоволук мушкерлерди киргизбей койду

Бокс боюнча 2021-жылкы дүйнөлүк чемпионат Сербиянын борбору Белградда 24-октябрда башталды.

Бокс ышкыбоздорунун эл аралык биримдиги Сербиянын Бокс федерациясы менен косоволук спортчуларды өлкөгө киргизүүнү сүйлөшүп жатканын билдирди. Серб бийлиги Белградда башталган бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга Косовонун улуттук командасын киргизбей койду.

Дүйнөлүк мелдеш 24-октябрдан 7-ноябрга чейин Белграддагы Штарк аренасында өтөт.

Ишембиде Косовонун Олимпиада комитети спортчулары Сербиянын чек арасынан эки жолу тең өтө албай келгенин билдирди. Маалыматка караганда, биринчи жолу спортчулар улуттук эн белгиси басылган кийим кийип жүргөнү үчүн артка кайтарылган.

Команда Приштинага кайтып келип, формасын алмаштырып, кайра чек арадан өтүүгө аракеттенген. Бирок сербиялык чек арачылар кайра өткөрбөй койгон.

Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялап, аны дүйнөнүн 100дөй мамлекети тааныган. Бирок Белград Косовону Сербиянын бөлүгү деп санайт.

Бокс ышкыбоздорунун эл аралык биримдиги Сербиянын Бокс федерациясы аркылуу “кырдаалды жөндөөгө” аракеттенип жатканын билдирди. "Косовонун Бокс федерациясы Эл аралык биримдикке 2014-жылдан бери мүчө жана дүйнөлүк чемпионатка катышмак” деп айтылат расмий билдирүүдө.

Косовонун тышкы иштер министри Доника Гервалла-Шварц жана спорт министри Хайрулла Чеку Сербиянын спорт министри Ваня Удовичичке кайрылганы белгилүү болду.

Дагы караңыз

Кен иштетүү: Лицензия алгандар 10 эсе көп жыйым төлөйтПрезиденттин жыйыны: сын жана сунушКурьерден актерго айланган Нурбол