Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында басма сөз жыйынын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы экономиканы өнүктүрүү үчүн бир жыл ичинде төмөндөгү иштер жасалганын белгиледи.
Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд. сом, ишкерлерге кепилдикке – 1,1 млрд. сом, ишкерлерге насыя катары – 3,6 млрд. сом бөлүнгөн. 680 ишкер 1 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган.
РСК жана "Айыл банктары" ишкерлерге 16,7 млрд. сом насыя берген. Дыйкан жана фермерлер 5,8 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган.
353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
Андан тышкары өзбек-кыргыз, Венгрия-Кыргызстан өнүктүрүү фонддору түзүлгөн.
Президент 2021-жылы республикалык бюждеттин киреше бөлүгү 2019-2020-жылдарга салыштырмалуу өскөнүн белгиледи.
2019-жылдын тогуз айында 97,8 млрд. сом, 2020-жылы 90,2 млрд. сом болсо 2021-жылы 129 млрд. сом киреше кирген.
Дагы караңыз
Быйыл Кыргызстан коронавируска каршы күрөшкө 3 миллиард сом сарптады Садыр Жапаров: Электр тарифин өзгөртпөө чечимин кабыл алдык (видео)Садыр Жапаров: Мындан ары “алтын мандат” деген түшүнүк болбойт Президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны башталууда