КМШнын атайын кызматтары Бишкекте Ооганстандагы абалды талкуулашты

УКМК имараты.

Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү Бишкекте жыйын курушту. Бул тууралуу 23-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга улуттук коопсуздук жана укук тартибин коргоо органдарынын террорчулукка жана экстремизмдин башка да зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү менен алектенген өкүлдөрү катышты.

Алар Ооганстандагы соңку абалга байланыштуу аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулап, маалымат алмашып, анализ жүргүзүп турууну, миграциялык агымга чогуу көз салып, согушкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, террорчулук үчүн издөөдө жүргөндөрдү аныктоону макулдашышты. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстан Түрк кеңеши уюштурган медиа форумга катышуудаЖалал-Абад: Кар баскан жолдо калгандар баары куткарылдыЖылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана МатраимовCOVID-19: Дагы үч адам каза болду, 119 бейтап жаңы катталды