Шереметьеводо кармалып турган кыргызстандыктар боюнча нота берилди

Шереметьево аэропортундагы полиция кызматкерлери.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда кармалып тургандардын жагдайына байланыштуу орус Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ФСБ аты-жөнүн өзгөрткөн кишилерди аныкташ үчүн аэропортто текшерүү өткөрүп жатат.

Элчилик азырынча канча адам аэропортто экени жөнүндө маалымат берген жок. Алар Кыргызстандан учуп баргандар, же кайтып келаткандар экени да белгисиз.

22-октябрда "Твиттерде" айрым колдонуучулар кыргызстандык бир топ жүргүнчү Москванын Шереметьево аэропортунда кармалып турганын жазышкан.

7-октябрда да аталган аба майданында Кыргызстандан барган ондогон жаран тыкыр текшерүүдөн өтүп, кыйла убакыт кармалып турушкан. Аларга укуктук жактан жардам берүү үчүн Кыргызстандын элчилигинен үч юрист барган.

Дагы караңыз

Министрлер кабинети кышка даярдык оор экенин моюнга алды Жемкорлукка айыпталган чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалдыТогуз-Тородо автоунаалар жүргүнчүлөрү менен кар алдында калдыАкылбек Жапаров: Казак компаниясы ЖЭБде 10 миң тонна көмүр жакты