Президент Садыр Жапаров 23-октябрда журналисттерге маалымат жыйынын өткөрөт

Садыр Жапаров маалымат жыйынында. 12-ноябрь, 2020-жыл.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кеңири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Иш-чара жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берет. Жыйын 23-октябрда, саат 11:00дө башталат.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз эфирде чагылдырылат.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөтөт.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошол жылдын 15-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда анын милдетин аткаруу премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаровго жүктөлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Калың карга байланыштуу Бишкек - Ош жолуна чектөө киргизилдиБишкекте "АгроТехЭкспо-2021" көргөзмөсү ачылдыНавальный Сахаров сыйлыгын коррупция менен күрөшүүчүлөргө арнадыHRW: Ооган качкындары оор абалдаОшто көп кабаттуу он үй мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды