Баткенде жоголгон адамдын сөөгү ажатканадан табылды

Окуя болгон жерде тартылган сүрөт

Баткендин Бужум айылында 17-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү ажатканадан табылды. Аны өлтүргөн адам сөөктү жиликтеп, өзү жашаган үйдөгү ажатканага ыргыткан деп шек саналууда.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектелип ушул эле айылда жашаган 31 жана 28 жаштагы бир туугандар кармалды. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен иликтенүүдө.

Өлтүрүлгөн адам 33 жашта болгон.

Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын июлдагы маалыматына таянып билдиргендей, быйыл Кыргызстанда кылмыштуулук 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе өскөн. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көбөйгөн.

Дагы караңыз

Навальный Сахаров сыйлыгын коррупция менен күрөшүүчүлөргө арнадыHRW: Ооган качкындары оор абалдаАкыйкатчы кеңсесинин Өзгөндөгү жыйынында диний көйгөйлөр көтөрүлдү"УКМК кызматкеримин" деп журналистке опуза кылган адам табылдыПрезидент шайлоодо диний чакырыктарды колдонбоону эскертти (видео)