Байсалов: Кыргызстан тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына киришип жатып, ант берүүдө. 13-октябрь, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү" деп белгилеген Байсалов.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алат.(ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстандан аял спортчулар чыгарылдыКремл Навальный боюнча Европарламенттин чечимин сыйлабастыгын билдирдиОшто үч баланын энеси асынып алганы кабарландыСасык тумоо көбөйгөндүктөн Бишкекте балдарга убактылуу стационар ачылды Түркияда чечен оппозициясына кол салууну көздөгөндөр кармалдыБийлик дүйнө таң калгыдай шайлоо өткөргүсү келетКамактагы Равшан Жээнбеков боор оорусу өтүшүп баратканын билдирдиHRW Өзбекстандагы шайлоого байланыштуу чектөөлөрдү сындады