Балдар арасында сасык тумоонун күч алганына байланыштуу шаардык балдар клиникасынын ишин жеңилдетүү максатында оорулуу балдарды кабыл алып, дарылоочу убактылуу стационар даярдалды.
Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кошумча стационар Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат, 22-октябрдан тартып ишке киришет. Ал жакка орто абалдагы балдар жаткырылат.
Бишкектеги "Тез жардам" кызматы курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция күчөп, ыкчам жардам сурап кайрылгандардын саны суткасына 700гө жетип жатканын маалымдады. Бул мурунку убактарга караганда тең жарымына көп. Ооругандардын басымдуу бөлүгү балдар.
"Тез жардам" кызматы бул кадимки сасык тумоо экенин билдирүүдө.
Өткөн аптадан тартып Бишкектеги бейтапканалар (поликлиника) дем алыш күндөрү да иштей баштаган. Буга балдар ооруканаларына кайрылгандар өскөнү себеп болгон.
Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар көбөйгөн. Оорулардын алдын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына караганда, учурда тумоологондордун 94% 14 жашка чейинкилер болууда.
Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Расмий эсепте, алардын 32 миңдейи балдар. (ZKo)
Дагы караңыз
Түркияда чечен оппозициясына кол салууну көздөгөндөр кармалдыБийлик дүйнө таң калгыдай шайлоо өткөргүсү келетНАТО Орусиянын мүмкүн болгон коркунучунан коргонууну талкуулайтКамактагы Равшан Жээнбеков боор оорусу өтүшүп баратканын билдирдиHRW Өзбекстандагы шайлоого байланыштуу чектөөлөрдү сындады Министрлер кабинети кышка даярдык оор экенин моюнга алды Орусияда коронавирустун жаңы түрү табылды Тажикстан: бийликти сындагандар камакта