Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абаддын Сузак районунда мектептин курулушунан дээрлик 5 миллион сом өөнөлгөнүн кабарлады. Бул иштин алкагында Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн тергөө жүрүп жатат.
Тергөө версиясына караганда, Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 мектептин курулуш иштеринин көлөмү өз ара сүйлөшүү жолу менен көбөйтүлгөн. Андан тышкары, курулуш иштеринде кемчиликтер аныкталган.
Иш Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иликтенүүдө.
Шектүү тараптан комментарий боло элек.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдагы эсеби боюнча Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт.
Дагы караңыз
АКШда вакциналарды аралаштырып сайдырууга уруксат берилди Бийлик энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдары чыгууну пландап жататНефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайтТрамп өзүнүн социалдык тармагын чыгарат