22-октябрда кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидрометагенттиги 22-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланарын билдирди. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,

Чүй жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 0...5,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Түнкүсүн 1…3, күндүз 2…4°.

"Азаттыктан" подкаст угуңуз

Назира Айтбекова: коомдун тепкиси мени сындырганРухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйтМаңзат уурдаган жаштыкИликтөөчү кыздар: Журналисттик принциптен тайбайбыз"Кызмат жоош болууга да, куу болууга үйрөттү"Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектерАзрет «Гуглдан» ашкан долбоор ачат