Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кызматынан бошотту

Токон Мамытов.

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовдун акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арызын 20-октябрда канааттандырды.

Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан бошоду. Ал депутаттыкка талапкер болуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда кабарлаган.

2018-жылдан бери акыйкатчы болуп иштеген Мамытов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке ат салышмакчы.

Шайлоо 28-ноябрда болот.

Дагы караңыз

Нургазынын АКШдагы сырдуу өлүмүШайлоо-2021: Үч районго бир депутат, күчөгөн атаандаштыкӨкмөт түзүмүн өзгөртүү ишти өргө тартабы?