Парламент Жогорку соттун үч судьясын шайлады

Парламент депутаттары 20-октябрдагы жыйында Жогорку соттун үч жаңы судьясын шайлашты.

Талапкерлер Тыныбек Бекешевди, Сулмайманкул Атакуловду жана Аида Сейдакматованы депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.

Депутаттар алардын талапкерлигин колдогондон соң жаңы судьялар ант беришти.

Кыргызстандын Жогорку сотунда төрайым, анын үч орунбасары жана 31 судья бар. Президент Жогорку соттун судьяларын шайлоо үчүн парламентке талапкерлерди сунуштайт.

Дагы караңыз

Орусиядагы "Кондитер" шоусунда кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңдиБШК: Cаясий партиялар 1 046 талапкерди сунуштадыПрезиденттик шайлоонун алдында "Азаттыктын" өзбек кызматына коркутуулар күч алдыАрдагер балбан Талант Бегалиев дүйнө чемпиону болду