Ардагер балбан Талант Бегалиев дүйнө чемпиону болду 

Талант Бегалиев эркин күрөш боюшча арадагерлер арасында Дүйнө чемпионатынын финалында. 19-октябрь, 2021-ж. Лутраки, Греция.

Кыргызстандык ардагер балбан Талант Бегалиев ушул күндөрү Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Бегалиев 19-октябрда эркин күрөштөн 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында (Е категориясы) 70 килограмм салмакта күч сынашты. Ал финалда америкалык Михаел Ли Мадри менен беттешип, 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жетти.

Бегалиев финалга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач орусиялык Евгений Даиндаповду (0:0), чейрек финалда италиялык Доминико Пицинини (10:0) жана жарым финалда литвалык Антанас Меркевичюсту (2:1) жеңип, финалдык таймашка чыккан.

Бул дүйнө чемпионатында ушул эле жаш куракта 130 килограмм салмакта Сааданбек Ниязов коло байгеге ээ болду.

41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында (В категориясы) дагы бир кыргызстандык Арген Бегалиев (88 кг), алгачкы беттеште жеңилип мелдештен четтеди.

Бүгүн, 20-октябрда 51 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында (D категориясы) 100 килограмм салмакта кыргызстандык Чынарбек Изабеков күч сынашат. Ал эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына быйыл алтынчы ирет катышып жатат. Изабеков буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону болуп, эки жолу күмүш, бир жолу коло медал тагынган.

19-октябрда башталган Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты (эркин күрөш, грек-рим күрөшү) 24-октябрда чейин уланат. Анда 36 жаштан 60 жашка чейин беш категорияда ардагер балбандар күч сынашууда. Кыргызстандан алты балбан барды. Ошондой эле калыстар арасында эки кыргызстандык бар. (ECh)

Дагы караңыз

Агайларды мектептен качырган аз айлыкОрусия полициясы үч кыргызстандыкка издөө салды