Казакстанда диссидент акын Арон Атабек ооруканага түштү

Казакстандагы диссидент акын Арон Атабек. 6-октябрь, 2021-жыл.

Казакстандагы диссидент акын, 15 жыл түрмөдө отуруп жакында эле чыккан Арон Атабек кайрадан ооруканага түштү. Ал реанимация бөлүмүнө жаткырылганын карындашы Разия Нутышева кабарлады. Анын айтымында, акындын абалы бир нече күн мурда начарлап кеткен.

Учурда ал өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды.

Арон Атабек 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Аны 1-октябрда сот "ден соолугуна байланыштуу" үй камагына чыгарган.

Акын өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, ушул күнгө чейин толук акталышын жана кенемте төлөнүп беришин талап кылып келет.

Ал ошондой эле, түрмөдө кыйноого кабылганын, мындан улам ден соолугунан ажыраганын айтып жүрөт.

Дагы караңыз

Ар бир аймакта медиктерге эстелик тургузуу сунушталдыРумынияда коронавирус күч алды"Кызыл зонада" иштеген медиктерге акы төлөө маселеси парламентте көтөрүлдү