Бишкекте жыл башынан бери сасык тумоонун 52 миңдей учуру катталды

Бишкектеги бейтапканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкек башкармалыгынын дарыгер-эпидемиологу Азамат Жумгалбеков 19-октябрда атайын басма сөз жыйынында кабарлады.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 21% көп. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде борбордо сасык тумоо менен ооруган 42 миң 19 учур катталган эле.

Быйылкы ооругандардын 32 миңдейи 14 жашка чейинки балдардын арасында катталса, 17 миңдейи 18 жаштан жогоркулар. Калганы ушул ортолуктагы өспүрүмдөргө туура келет.

Акыркы убакта Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар арбып баратканы айтылган. Мындан улам бейтапканаларда кезектер узарып кеткени айтылып, балдарын бейтапканага алып келген ата-энелердин видеолору интернетте байма-бай жарыяланып жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Таласта киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылдыЕККУнун атайын бюросу парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт“Электр станциялары” импортту төлөө үчүн 650 млн. сом насыя алатБаткен: чек арада жашагандарга психологиялык жардам көрсөтүлө баштады