Министрлер кабинети экономикадагы өзгөчө кырдаал мыйзамын кайра парламентке киргизди

Экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзамын ишкерлерге Акылбек Жапаров чечмелеп берип жаткан учуру. 12-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинети экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзамын оңдоп-түзөөлөрдөн кийин кайрадан парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине киргизди. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында кабарлады.

Ал билдиргендей, өзгөчө кырдаал үч айлык мөөнөттө каралууда. Анда Министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуулар, товарларды ташып келүү, каттоо, насыяларды тейлөө, төлөө, бюджеттик насыяларды реструктуризициялоо, тарифтик саясатты өзгөртүү жана башка иштерде ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзамды быйыл жайда сунуштаган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылып, президенттин кароосуна киргизилген. Кийин президент айрым нерселерди оңдоону талап кылып мыйзамды артка кайтарганы октябрдын башында белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мурда экономика жана министри болуп турган учурда, мыйзам 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик актты өзгөртөрүн маалымдаган. Өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

Августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса, бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуусун мурдараак Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит да белгилеген.

Дагы караңыз

Бир мандаттуу округдан арыз берген талапкерлердин 80и расмий катталдыСанкт-Петербургда коронавируска каршы жаңы чектөөлөр киргизилетЖалал-Абадда бейтаптарга акысыз берилген дарылар сатылып жатканы белгилүү болду