АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстанга 2,4 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Каражат COVID-19га каршы күрөшкө жумшалмакчы. Маалымат 18-октябрда АКШнын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, бул жардам вакциналарды бөлүштүрүү, эмдөөгө байланыштуу жалган маалыматтар менен күрөшүү, коронавируска каршы лабораториялык системаларды бекемдөө, Казакстандын вакциналарды жеткирүү жана пайдалануу даярдыгын жогорулатуу үчүн бөлүнөт.
"Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанга 6,8 миллион доллар жардам берилди, бул каражат да аталган суммага кошулду", - деп билдирди АКШ элчилиги.
АКШнын дипломатиялык миссиясы кабарлагандай, USAID коронавируска байланыштуу темалар боюнча беш миңден ашуун медициналык кызматкерди окуткан.
Кошмо Штаттар жыйырма жылдан ашык убакытта Казакстанга 2 миллиард доллар, анын ичинде кургак учук жана СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү сыяктуу саламаттыкты сактоо программаларын колдоого 92,8 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.
Дагы караңыз
АКШнын мурдагы башкы дипломаты Колин Пауэлл көз жумдуАбактагы тажик адвокаты Ёровдун жаза мөөнөтү кыскардыЕвропадагы саясатчылар Саакашвилини абактан бошотууну талап кылыштыШайлоо-2021: Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктадыНур-Султан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди Өзбекстан чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кайтарып берди"Кыргызфильм" эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк алды