Санкт-Петербургда коронавируска каршы жаңы чектөөлөр киргизилет

Санкт-Петербург шаарындагы борбордук көчөдө "Алоо кызыл жел кеме" майрамы белгиленүүдө. Июнь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургда жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында чектөөлөрдү катаалдатууга даяр.

Бул тууралуу шаардын губернаторунун орун басары Борис Пиотровский маалымдады. Анын айтымында, 1-ноябрдан тартып 40тан ашуун киши катышкан чоң спорттук же маданий иш-чараларга катышуу үчүн адамдар QR штрих кодун көрсөтүшү керек. Толук эмдөөдөн өткөн же акыркы 72 саатта COVID-19 вирусу жоктугун тастыктаган тестти көргөзгөн адамдар QR кодун алууга укуктуу болот.

15-ноябрдан тарта чектөөлөр бассейндерге, фитнес борборлорго, театрларга, кинотеатрларга, музей жана цирктерге да колдонулат.

5 миллионго жакын калкы бар шаарда чектөөлөр ресторандарга жана көпчүлүк дүкөндөргө 1-декабрдан тарта киргизилет. Станциялардагы жана аэропорттордогу кафелер, дарыканалар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр чектөөлөрдөн бошотулат.

Санкт-Петербург коронавирус жукканы жаңы аныкталгандардын саны боюнча Москвадан кийинки экинчи орунда турат.

Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны беш күн катары менен эң жогорку чекти көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап COVID-19дан көз жумду.

Ушуну менен Орусияда коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Дагы караңыз

АКШнын мурдагы башкы дипломаты Колин Пауэлл көз жумдуАбактагы тажик адвокаты Ёровдун жаза мөөнөтү кыскардыЕвропадагы саясатчылар Саакашвилини абактан бошотууну талап кылыштыШайлоо-2021: Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктадыЕвробиримдик Иран менен жаңы сүйлөшүүлөр болоорун билдирдиӨзбекстан чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кайтарып бердиЧүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду