АКШнын мурдагы башкы дипломаты Колин Пауэлл көз жумду

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл.

АКШнын алгачкы афро-америкалык мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан кийин ден соолугу начарлап, 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү 18-октябрда билдирди.

"Биз мыкты жана сүйүктүү жолдоштон, атабыздан, чоң атабыздан жана улуу америкалыктан айрылдык", - деп айтылат билдирүүдө.

Анда Пауэлл коронавируска каршы толугу менен эмдөөдөн өткөнү да белгиленген. Бирок кайсы вакцинаны алганы жана башка кандай оорусу бар экени так айтылган эмес. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Пауэлл Вашингтондун жанындагы медициналык борбордо үзүлгөн.

АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин мурдагы жетекчиси, генерал Колин Пауэлл Вьетнам согушуна катышкан. Ал Республикачылар жана Демократиялык партиялардан шайланган төрт президенттин алдында бир катар кызматтарды аркалаган.

Учурда Грузияда жүргөн АКШнын коргоо министри Ллойд Остин маркум Пауэлл дүйнөнүн булуң-бурчунда сыйга татыган адам болгонун айтып, ал АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетин жана Мамлекеттик департаментти жетектеген алгачкы афро-америкалык болгонун белгиледи.

Ийгиликтүү карьерасына карабастан көпчүлүк Пауэллди 2003-жылдын февраль айында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Иракта массалык кыргын салуучу курал бар экендиги тууралуу айткан сөздөрү менен эстеп калды. Иракта мындай курал табылган эмес.

Дагы караңыз

Европадагы саясатчылар Саакашвилини абактан бошотууну талап кылыштыШайлоо-2021: Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктадыӨзбекстан чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кайтарып берди"Кыргызфильм" эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк алды