Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен оттоп жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 20 жылкы кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Алмурут айылынын тургуну кыргызстандык чек арачыларга жылкылары Өзбекстанга өтүп кеткенин айтып, кайтарууга көмөктөшүүнү суранган.
Эки тараптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Өзбекстандын чек арачылары өтүп кеткен жылкыларды ошол эле күнү кайтарып беришти.
Сүйлөшүү учурунда тараптар мындан ары ушул сыяктуу маселелерди жергиликтүү чек ара заставаларынын жетекчилеринин деңгээлинде чечүүнү макулдашты.
Кыргызстандын Чек ара кызматы жарандарды бул сыяктуу окуялар боюнча жакынкы чек ара бөлүмүнө кайрылууга үндөп жатат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.(ZKo)
Дагы караңыз
Нур-Султан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди "Кыргызфильм" эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк алдыЭлектр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифЧүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болдуБШК ыктыярчыларды кызматташууга чакырдыОктябрь окуялары боюнча сот 2-ноябрга жылдыПрезиденттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлдү