Түндүк Македониядагы шайлоодо оппозиция жеңгенин жарыялады

Христиан Мицкоски баштаган ВМРО-ДПМНЕ партиясынын өкүлдөрү шайлоодон кийинки маалымат жыйынында.

Түндүк Македонияда оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") саясий партиясы жергиликтүү шайлоолордун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин жарыялады. Партия кеминде 20 шаардагы мэр шайлоодо утуп чыкканын билдирди.

Бирок жекшембидеги шайлоонун расмий жыйынтыгы, анын ичинде баш калаа Скопьеде ким утканы белгилүү боло элек. Скопьеде учурдагы мэр, "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" (СДСМ) партиясынын талапкери Петре Шилегов менен ВМРО-ДПМНЕ колдогон көз карандысыз талапкер Данела Арсовска экинчи айлампада ат салышары күтүлүүдө.

ВМРО-ДПМНЕ партиясынын лидери Христиан Мицкоски партиялаштары биринчи айлампада 20 муниципалитеттеги мэр шайлоодон тышкары кеминде 50 жергиликтүү кеңеште жеңишке жетишкенин айтты.

Премьер-министр Зоран Заевдин СДСМ партиясы 36 шаардагы мэр шайлоодо алдыга чыкканын, экинчи айлампада партиянын талапкери жеңишке жетерине ишенип турганын билдирди.

Эгер жергиликтүү шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы ырасталса, анда бийликтеги СДСМ партиясына колдоо азайганы анык болот. 2017-жылдагы жергиликтүү шайлоодо СДСМ партиясынын талапкерлери 57 шаардагы мэр шайлоодо жеңип чыккан.

Мамлекеттик шайлоо комиссиясы билдиргендей, жекшембидеги шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 49% катышты. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланары кабарланган.

Дагы караңыз

Орусияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалдыАлайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиАнталияда Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделдиАкылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирди