Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Алайбек Алымбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" фракциясынан Алайбек Алымбаевди депутат катары каттады.

17-октябрда "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Анын ордуна партиялык тизме менен Алайбек Алымбаев мандатка ээ болду.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы быйыл алтынчы жыл иштеп жатат. Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митингги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан.

Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо быйыл, 28-ноябрда өтөт. (BCh)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирдиТаласта айдоочулар нааразылык акциясына чыгыштыЖК комитети Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына Касымалиеванын талапкерлигин жактырдыӨзбекстан менен Тажикстан автобус каттамдарын жандантууда Өзбекстандын Сох анклавында аэропорт курулду