18-октябрда Орусиянын Пермь аймагындагы Сарс кыштагында мектепке аңчылык мылтык көтөрүп келип, шыпты көздөй эки жолу ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды.
Жергиликтүү полиция кабарлагандай, өспүрүм бала атасынын карабин мылтыгын мектепке алып келип, класста сабак башталар алдында ок аткан. Окуяда эч ким жабыркаган жок. 300дөн ашуун окуучу жана 30 мугалим эвакуацияланды.
Пермь облусунун жергиликтүү бийлиги билдиргендей, 6-класста окуган өспүрүм менен мектептин директору сүйлөшүп, куралын таштоого көндүргөн.
20-сентябрда Пермь мамлектетик университетинде куралчан адам ок чыгарып, андан алты киши мерт болгон жана 28 адам жараат алган. Кийинчерээк полиция 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран ок атканын, ал кармоо учурунда жарадар болгонун билдирген.
Адатта Орусияда жана мурдагы советтик республикаларда мектепте окуучулар ок чыгарган учурлар сейрек кездешет. Бирок адистер мындай окуялардын саны соңку жылдары көбөйүп жатканын айтышууда.
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирдиТаласта айдоочулар нааразылык акциясына чыгыштыЖК комитети Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына Касымалиеванын талапкерлигин жактырдыӨзбекстан менен Тажикстан автобус каттамдарын жандантууда