Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакост расмий Минскинин талабы менен 17-октябрда өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу "Франс-пресс" маалымат агенттиги жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы өз булактарына таянып кабарлашты.
"Беларус Тышкы иштер министрлиги элчинин 18-октябрга чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган", - деп айтып берген "Франс-пресс" агенттигине элчиликтин кызматкери.
"Азаттыктын" беларус кызматы жазгандай, Франциянын Тышкы иштер министрлиги элчинин Минскиден чыгып кетиши боюнча расмий билдирүүнү 18-октябрда жарыялаганы турат.
Николя де Лакост 2020-жылы Франциянын Беларустагы элчиси болуп дайындалган. Ал былтыр сентябрь айында Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасына катышпай койгон. Ал грамотанын көчүрмөсүн Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейге берген.
Октябрь айынын башында Николя де Лакост Беларуста өлүм жазасы жокко чыгарылышы керек экенин айткан.
Дагы караңыз
Шайлоого катышуудан эки саясий партия, төрт киши баш тартты 95 жаштагы Уильям Шетнер космоско учтуАКШнын коргоо министри Грузияга келдиКыргызстанда бир жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделди Октябрь окуяларындагы башаламандыктар боюнча сот башталды