Эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн.


Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.

Коштошуу зыйнатына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, акын-жазуучулар катышууда.

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн.

Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

1980-жылы Эл акыны наамын алган. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде "Токтогул" атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы "Манас" орденин алган.

Эмгек жолунда гезит-журналдарда, Ош педагогикалык институтунда иштеп, 1995-жылдан "Курманжан датка" фондунда төраганын кеңешчиси болгон.

Акын Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жашында акка моюн сунган. (MzH)

Дагы караңыз

Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифКыргызстанда бир жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделди Ооганстанда жума намазындагы жардыруудан каза тапкандар жерге берилдиБишкекте 30 жаңы автобус каттамга чыгат