Кыргыз эл акыны, 84 жашында дүйнөдөн кайткан Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-октябрда Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрында өтөт. Бул тууралуу маркумдун жакындары "Азаттыкка" кабарлады.
Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда дүйнөдөн кайтты. Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн. Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.
1980-жылы Кыргыз эл акыны наамы берилген. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде "Токтогул" атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы "Манас" орденин алган.
Эмгек жолунда гезит-журналдарда, Ош педагогикалык институтунда иштеп, 1995-жылдан "Курманжан датка" фондунда төраганын кеңешчиси болгон. (ZKo)
Дагы караңыз
Эки активист Бээжиндеги Олимпиадага каршы акция өткөрдүОрусияда коронавирус күчөп жататТүндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өттү"Абакта же көчөдө". Дайынсыз кеткен мигранттар Таласта жол кырсыгынан тогуз адам каза тапты“Үшүк менен мен да бастым демимди...” Эл акынын эскерүү Казакстан Кабулга делегация жөнөттү