Шайлоого катышуудан эки саясий партия, төрт киши баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы №4 Көк-Жар округунан Махабат Мавлянованын, №29 Свердлов округунан Жылдызбек Исакуловдун, №24 Сокулук округунан Акыл Курманалиевдин жана №19 Токтогул округунан Тынчтыкбек Абдылдаевдин шайлоого катышуу ниетинен баш тартканы тууралуу арызын канааттандырды.

"Адилет" жана "Кыргызстан дыйкандар-фермерлер" саясий партияларынын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу өтүнүчү кабыл алынды. Мындай чечим БШКнын 17-октябрдагы жыйынында чыкты.

Ушуну менен 18-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан ат салышуу ниетин билдиргендердин саны 377 адам болду.

Алардын 51и талапкер болуп катталды. Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиялар 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин БШКга тапшырып бүтүшү керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.(ZKo)

Дагы караңыз

Эки активист Бээжиндеги Олимпиадага каршы акция өткөрдүОрусияда коронавирус күчөп жататТүндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өттү"Абакта же көчөдө". Дайынсыз кеткен мигранттар Германияда азан үнү жаңырабы? Таласта жол кырсыгынан тогуз адам каза тапты“Үшүк менен мен да бастым демимди...” Эл акынын эскерүү