Фильм тартуу үчүн космоско учкан орусиялык киночулар Жерге кайтышты

Актриса Юлия Пересильддин Жерге конгон учуру.

Фильм тартуу үчүн космоско учкан орусиялык киночулар Жерге кайтышты.

Космонавт Олег Новицкий, актриса Юлия Пересильд жана режиссер Клим Шипенко "Ю.А.Гагарин" (Союз МС-18) кемесинин жерге түшүрчү аппаратында Казакстандын чөлүнө конду. Конуу жараяны "Роскосмостун" сайтында түз көрсөтүлдү.

Пересильд менен Шипенко 5-октябрдан, Новицкий 9-апрелден бери орбитада болгонун кабарлады ТАСС агенттиги.

"Роскосмостун" башкы директору Дмитрий Рогозин Орусиянын "Биринчи каналына" курган маегинде алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Пересильд менен Шипенко дүйнөдө алгачкы ирет космосто көркөм фильм тартышты. Космонавттын өмүрүн сактап калуу үчүн космоско учкан дарыгер кыз жөнүндөгү драмалык тасма "Чакырык" деп аталат.

Фильм "Роскосмос", "Биринчи канал" жана "Yellow, Black and White" студиясынын кошмо долбоору.

Дагы караңыз

“Үшүк менен мен да бастым демимди...” Эл акынын эскерүү Анкарада кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылдыNASA Юпитердин троя астероиддерин изилдөөгө "Люси" зондун учурду