Бир мандаттуу округдардан 50дөн ашуун талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынын көрүнүшү.

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан ат салышууну көздөгөн 381 жарандын 51и талапкер болуп катталды. Бул 17-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий маалыматы.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкер кылып каттоо 29-октябрда аякташы керек.

Шайлоодо бир мандатуу округдан талапкер болуу үчүн арыз бергендердин 379 адам өзүн-өзү көрсөтүп, сегиз кишини саясий партиялар сунуштаган. Арасында 350 эркек, 31 аял бар.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиялар 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин БШКга тапшырып бүтүшү керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Партиялык тизмеде 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

Дагы караңыз

Шайлдабекова: Добуш берүүнүн купуялуулугуна кепилдик беребизШайлоо: депутаттыкка саналуу гана аялдар аттандыШайлоо-2021: Талапкерлердин саны 300дөн ашты (тизме)Жаңы өкмөттөн коомчулук эмне күтөт?