Шайлдабекова: Добуш берүүнүн купуялуулугуна кепилдик беребиз

Нуржан Шайлдабекова

Парламенттик шайлоо учурундагы добуш берүүнүн купуялуулугуна толук кепилдик берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, БШК добуш берүүнүн купуялыгынан тышкары алардын так саналышына да шайлоочуларды ишендире алат.

“Добуш берүүнүн купуялуулугу толук кепилденет. Кимдир бирөө басым кылган учурда да биздин шайлоо системасында өз тандоосун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк жана шарт түзүлгөн. Ошондуктан, шайлоочу, сиздин кимге добуш бергениңизди эч ким билбейт. Өз эркиңиз менен добуш берүүгө чакырам. Жалпы шайлоо системасы ар бир добуш так санала турганына да кепилдик берет”, - деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Дагы караңыз

Коронавирус дагы 94 адамдан аныкталды, үч адам каза болдуКыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова көз жумдуАкылбек Жапаров Президенттик администрациянын түзүмү кайра карала турганын билдирдиYouTube порталы Eurasianet агенттигинин каналын жапты