Кыргызстандыктардын арасында кайсы акын-жазуучулардын чыгармалары популярдуу экенин аныктаган изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Изилдөөгө катышкандардын 51% Чыңгыз Айтматовду белгилешкен. Дээрлик баары "Кайсыл чыгармасын окугансыз?" деген суроого "Саманчынын жолу" повестин аташкан.
Сурамжылоого үн кошкондордун 5% Төлөгөн Касымбековду, 4% Алыкул Осмоновду, 3% Мукай Элебаевди, Аалы Токомбаевди, Касым Тыныстановду, 2% Касымалы Баялиновдун атын айтышкан.
Респонденттердин 2% азыркы замандын акын-жазуучу, ойчулдарынан Шайлообек Дүйшеевди, 4% Нуржигит Кадырбековду аташкан.
Сурамжылоо көрсөткөндөй, аял акын-жазуучулар окурмандар арасында популярдуу эмес. Алардын аты-жөнүн респонденттер аташкан эмес.
"Өнүгүү китептери" коомдук фонду жүргүзгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы 16-октябрда Бишкекте адабияттын бүгүнкү абалын талдаган жыйында жарыяланды. (MZh)
"Аялзат" подкастын угуңуз
"Азиздердин укугун илим менен коргойм"Кызды басмырлаган ысымдар“Эркектин эрежеси аялдын укугун бузат”