Орусияда акыркы бир суткада коронавирус инфекциясынан 1002 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир күн мурда өлгөндөр 999 адам болгон.
Пандемия башталгандан бери каза тапкандардын жалпы расмий саны 222 315 адамга жетти. Көз карандысыз демографтар Орусияда коронавирустан өлгөндөр расмий сандан үч эсе көп болушу мүмкүн экенин айтып келет.
Орусияда акыркы бир күндө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 33208 адам болду. Ал эми вирус жуктургандардын жалпы саны 8 миллионго жакындады.
12-октябрда премьер-министр Михаил Мишустин өлкө калкынын үчтөн бири, атап айтканда 43 миллиондой адам эмделгенин билдирген.
Дагы караңыз
Таласта 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөр изделүүдөТаласта жол кырсыгынан сегиз адам набыт болдуАкылбек Жапаров Президенттик администрациянын түзүмү кайра карала турганын билдирдиЭлектр жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды