Бишкекте “Социалдык китеп форуму” аттуу иш-чара өтүүдө. 15-16-октябрда өтүп жаткан форум алкагында китеп базары, изилдөө көргөзмөсү, түрдүү лекциялар жана талкуулар уюштурулууда.
Иш-чаралар Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр боюнча улуттук музейде жана Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтүп жатат.
Талкуулардын бири “Кыргыздар үй-бүлөсү жана коомдук түзүлүшү” деп аталат. Ал эми 1951-1990-жылдары чыгып турган “Кыргызстан аялдары” журналынын негизинде көргөзмө уюштурулуп, азыркы сүрөтчү кыз-келиндердин ой-пикирлери талкууланат.
Шаардагы китеп дүкөндөрү катышкан китеп базар эки күн бою уланат. (RK)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырдыБишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилетТИМ: Түркияда 18 жаштагы кыргыз жараны каза болдуСот Сарпашевдин кайра кармалган себебин түшүндүрдү