“Кыргыз темир жолу” мекемеси кабарлагандай, Боом капчыгайында 18-октябрдан 22-октябрына чейин атайылап таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктардын алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат.
Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. (КЕ)
Дагы караңыз
ТИМ: Түркияда 18 жаштагы кыргыз жараны каза болдуСот Сарпашевдин кайра кармалган себебин түшүндүрдүАскар Акаев “Алтын балалыкка” 1 млн сом которгону кабарланды Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаратКыргызстанга ооган студенттери келе баштады