Түркияда турак үйдүн бешинчи кабатынан кулап каза болгон кыргызстандык жарандын жакындарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын бүгүн 15-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 14-октябрда Анталия шаарында, 18 жаштагы кыргыз жараны убактылуу жашап жаткан үйдө болгон. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген, операция жасалганына карабастан бүгүн эртең менен көз жумган.
Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок бул өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн алатоолуктардын саны расмий эсептен кыйла көп экени айтылып жүрөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет. (RK)
Дагы караңыз
Грузия: Саакашвили үчүн митингАскар Акаев “Алтын балалыкка” 1 млн сом которгону кабарланды "Андагы жетекчилердин 90 пайызы мендей болчу"Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат