COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 98 учур жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 15-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду.

98 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында, Нарын, Баткен жана Ош облустарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес.

  • Бишкек - 74
  • Чүй облусу – 11
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 2

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 681 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 629 адам каза болду. Бир күндө 94 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 476 адам ооруканада, 576 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 900 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Тбилисиде Саакашвилини колдогон акция болдуОрусияда пенсиядагы дарыгерлер ишке чакырылдыKG Analytics: Мектеп окуучуларынын 60% окуу программасын толук түшүнбөйтКыргызстандагы мугалимдердин 85% аялдар Навальный Сахаров сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмесине кирди