KG Analytics: Мектеп окуучуларынын 60% окуу программасын толук түшүнбөйт

Кыргызстанда бир миллион 350 миң мектеп окуучусу бар.

Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 60% окуу, математика жана табият таануу боюнча сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетишпейт. Башкача айтканда, алар мектептеги окуу программасын толук түшүнбөйт.

Мындай тыянакты окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык, улуттук системаны иликтеген KG Analytics интеллектуалдык фонду чыгарды.

"Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын билими Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдөгү курбалдаштарынан 4,5 жылга артта калган", - деп белгиленет изилдөөдө.

Аты аталган уюмга АКШ, Дания, Жапония, Венгрия, Польша баштаган 37 өлкө кирет.

Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Өлкөнүн ар бир бешинчи тургуну мектеп окуучусу болуп саналат. (BCh)

Дагы караңыз

Навальный Сахаров сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмесине кирдиБейрутта нааразылык акциясында беш киши окко учтуӨзбекстан президенттик шайлоодо Кыргызстанда алты добушкана ачат Садыр Жапаров ЕАЭБ жыйынында энергетикалык коопсуздук маселесин козгодуАдвокат Токтакунов телефонун тыңшап жатышканын билдирди