Өзбекстандын парламенти “жашаган жеринде катталуу” (прописка) деген түшүнүк “моралдык жактан эскирген” деп айтылган мыйзам долбоорун талкуулады.
“Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы маалымдагандай, депутаттардын айтымында, азыркы терминди жарандар "эркиндиктерди чектеген" сөздөр менен байланыштырышат. Андыктан мыйзам долбоорунда "туруктуу каттоо" өңдүү терминдердин ордуна "туруктуу жашаган жерде катталуу" өңдүү башка аныктама сунуш кылынмакчы.
Былтыр президент Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары жана облусунда катталуу системасын жөнөкөйлөштүргөн буйрукка кол койгон. Документте башкалаада каталуу үчүн айрым талаптарды алып салуу каралган.
Дагы караңыз
Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан талапкерликти көздөгөндөр 381 адам болдуМушкер Рафаэль Физиев жамандоого кабылгандыктан Кыргызстандан кетерин билдирдиЦарнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сот уландыОоганстан: кыргыз визасын күткөн студенттерМуфтият жамандоого кабылганын айткан мушкердин окуясына тиешеси жоктугун билдирди