Сузакта тамакка уулангандар 138ге жетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 138ге жетти.

Бул тууралуу 14-октябрда Сузак аймактык ооруканасынын жетекчиси Азизбек Жолдошев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 22 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар жылкынын этинен ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен аныктала элек.

Быйыл март айынын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда адам өмүрүн алган уулануу фактысы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында каза болгондор метил спиртинен (метанол) ууланганы аныкталган. (TB)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Баткенге жыл сайын 500 млн. сом бөлүнөрүн билдирдиСадыр Жапаров шайлоодо добуш сатып алууну токтотууга чакырдыШайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан талапкерликти көздөгөндөр 381 адам болдуШайлоо-2021: Партиялардын 23үнүн талапкерлер тизмеси такталдыКоронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 91 учур жаңы катталдыӨКМ: Кегетиде адашып кеткен индиялыктар табылды